Германияда мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга даярдангандар кармалууда
Германиянын Бавария федералдык жеринде укук коргоо органдары үч адамды террордук уюмга мүчө болуу жана мамлекеттик төңкөрүшкө даярдануу шеги менен кармады.
Чет элдик ЖМКлар билдиргендей, кылмыштуу топтун башчыларынын бири Ройс ханзаадасы. Кеңири масштабдагы иликтөөнүн жүрүшүндө бул топко ар кандай көмөк көрсөткөн башка адамдар да аныкталды.
Бул топтогу алты адамга карата иликтөө иштерин Бавариянын кылмыш полиция башкармалыгынын мамлекеттик коопсуздук бөлүмү жүргүзгөн. Кармалган үч адам азыркы мамлекеттик түзүлүштү күч менен кулатуу жана анын ордуна өздөрүнүн башкаруу формасын орнотуу боюнча план түзүшкөн деп шектелүүдө. Бул башкаруунун негизги принциптери алдын ала иштелип чыккан болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:34
2025-08-07
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.