super.kg logo

Израил Газага ортомчу болгон Египетке 130 миллиард куб метр газды сатат

 

Израил менен Египет газ боюнча ири келишимге кол коюшту. Ага ылайык, араб республикасы Израилден 130 миллиард куб метр көлөмүндөгү жаратылыш газын жалпы суммасы 35 миллиард долларга сатып алат. Бул тууралуу 7-августта Израил премьер-министринин кеңсесинин кеңешчиси Дмитрий Гендельман билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Бул документ Израилдин тарыхындагы эң ири экспорттук келишим болуп эсептелет. Келишимге ылайык, NewMed Energy компаниясы Израилдин Левиафан кенинен көрсөтүлгөн көлөмдөгү газды Египетке 2040-жылга чейин экспорттойт.

Келишим өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктү олуттуу деңгээлде кеңейтип, узак мөөнөттүү энергетикалык инфраструктуранын негизин түзөт. Бул инфраструктура 2064-жылга чейин иштеши мүмкүн.

Ошондой эле ал Левиафан кенинде, Жер Ортолук деңизинин текчесинде, 600 миллиард куб метрге чейин газ запасы бар экенин кошумчалады.

Эске салсак, Египет Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчулук милдетин аткарып келет. 14-апрелде Египеттин Мамлекеттик маалымат кызматынын башчысы Дия Рашван билдиргендей, Каирдин ортомчулук аракети оң таасир берип, Газа секторундагы атышууну жакын арада токтотууга шарт түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: