super.kg logo

Францияда коммунанын мэрине бычак менен кол салуу болду

 

Франциянын Изер департаментиндеги Вильнёв-де-Марк коммунасынын мэри Жиль Дюссого бычак менен белгисиз адам кол салып, ал оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Le Parisien басылмасы бүгүн, 7-августта жазды.

63 жаштагы Дюссо өзүнүн 28 жаштагы уулу менен калкы 1200гө жетпеген айыл көчөлөрүндө сейилдеп жүргөн жерде кол салуу катталды. Аймак Гренобль менен Лион шаарларынын ортосунда жайгашкан.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, мэрдин көкүрөк тушуна үч жолу бычак сайылды. Кол салгандан кийин шектүү качып кетип, бирок көп өтпөй унаа менен кайтып келип, мэрдин уулун сүзүүгө аракет кылган.

Окуядан кийин Жиль Дюссо Лион шаарындагы Эдуар Эррио атындагы ооруканага жеткирилген. Анын абалы орточо оор деп бааланууда. Жергиликтүү маалыматтарга караганда, шектүү катары 60 жаштагы айыл тургуну аныкталды, ал мэр менен мурунтан эле кайчы пикирде болгон.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон окуя боюнча пикирин билдирип, күнөөлүү адам табылып, жоопкерчиликке тартыларын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: