Айбек Жунушалиев: "Эл үйсүз калбашы керек"
Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев мыйзамдарга ылайык келбегендиктен үйлөрү бузулуп жаткан жарандардын маселелерин чечүү боюнча өлкө жетекчилигинин кароосуна сунуш киргизди. Бул чечим муниципалитет тарабынан кыска мөөнөттө көп батирлүү турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторун берүү, адилеттүү кезек түзүү, анын ичинде ипотекалык насыялоонун ийкемдүү шарттарын түзүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Талкуунун жүрүшүндө бул демилге колдоого алынды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бүгүнкү күндө муниципалитет бул демилгени ишке ашырууда. Анын жүрүшүндө үйлөрү бузулууга тийиш болгон жарандардын турак жай маселеси чечилүүдө. Алсак, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Түндүк айланма жолун реконструкциялоодо үйлөрү толугу менен бузулган 18 жаранга батирлер берилип, дагы 13 жаранга МИК аркылуу батир берүү иштери жүрүп жатат.
2025-жылдын январь-июль айларында 6300дөн ашык объект бузулуп, 80 859 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

