super.kg logo

Бишкек мэриясы Көк-Жардын тургундары боюнча билдирүү таратты

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өлкө президентине Көк-Жар айылынын №172 контурунун жашоочуларынын абалы боюнча сунуш киргизди.

Белгилей кетсек, аталган аймакта 5-августта мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүргүзүлгөн.

"Өлкө башчысы бул маселе боюнча түшүнүү менен кабыл алып, колдоосун билдирди. Президенттин тапшырмасынын негизинде учурда жарандарды турак жай менен мыйзам чегинде жана адилеттүү камсыздоо боюнча чечим ишке ашырылып жатат. Ал эми мыйзамсыз аракеттерге жол берилбейт жана тиешелүү чаралар көрүлөт.

Ошол эле учурда айрым саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары азыркы кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылып, бул курч теманын тегерегинде ой-пикир айтып жаткандыгын белгилейбиз.


Бишкек шаарынын мэриясы мындай маанилүү процесске кийлигишпөөгө чакырат. Бул маселе кылдат, мыйзамдуу жана адам тагдырына урмат менен мамиле кылууну талап кылат.

Биз жоопкерчиликке, урмат-сыйга жана конструктивдүү диалогго чакырабыз",- деп деп жазылат расмий билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: