Таиланд менен Камбоджа чек арадагы чыңалууну жөнгө салышты
Таиланд менен Камбоджа ок атышууну токтотуу режимин сактоо боюнча 13 пункттан турган макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, жолугушууга байкоочу катары Малайзиянын, АКШнын жана Кытайдын өкүлдөрү да катышты.
"Эки өлкө чек арада кандай гана абал болбосун чагымчыл аракеттерден карманышат, кошумча аскер күчтөрүн жайгаштырбоого убада беришти жана чек арадагы аскердик аймактарда, анын ичинде министрлер жана башкы командачылар ортосунда дипломатиялык байланыш түзүлөт",- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, согуш туткундары күч колдонуу толугу менен токтотулгандан кийин мекенине кайтарылат. Келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн байкоочу мамлекеттерден убактылуу көзөмөлдөө тобу түзүлөт.
Белгилей кетсек, 24-июлда Таиланд менен Камбоджанын ортосундагы чыңалуу кайрадан чек арадагы куралдуу кагылышууга алып келген. Эки өлкө бир кылымдан ашык убакыттан бери Пра Вихеар жана Та Моан Тхом аттуу храм комплекстерине ээлик кылуу боюнча талашып келишкен.
