super.kg logo

Чүйдө жолдорду куруу жана оңдоо иштери активдүү жүрүп жатат

 
Транспорт министрлиги Чүй облусунда жолдорду куруу жана оңдоо иштери активдүү жүрүп жатканын билдирди.
Облус аймагында төмөнкү жол тилкелеринде иштер жүргүзүлүүдө:
Петровка - Нарзанные-Источники унаа жолунун 3 чакырым жолуна асфальт төшөө иштери аяктап, учурда жол чийиндери чийилүүдө.
Кемин районундагы Чүй көпүрөсү – Бейшеке – Боролдой унаа жолунун 1,4 чакырымдык бөлүгүндө асфальттоо иштери толук бүткөрүлдү.
Көк-Жар – Орто-Сай унаа жолунун 1,5 чакырым аралыгы пландалып, 600 метр бир тараптуу асфальт басылды. Иштер уланууда.
Таш-Дөбө – Чокморов жолунун планга коюлган участогу асфальтталып, бүгүн толук аякташы күтүлүүдө.
Жайыл районундагы Калининское – Степное унаа жолунун 3 чакырым бөлүгү планда каралып, 1,5 чакырымы асфальтталып, иштер кызуу жүрүүдө.
Манас – Камышановка унаа жолунун 3 чакырымдык бөлүгүндө эски асфальт сыйрылып, жол негизги даярдалып, асфальт төшөө иштери башталды.
Арашан – Чуңкурчак унаа жолунда жол кеңейтүү, бак-дарактарды кыюу жана айрым тилкелерде жолдун негизин даярдоо иштери уланууда.
Мындан тышкары, жол тегиздɵɵ, жол чийиндерин чийүү, жол жээгин иретке келтирүү, эскирген жол белгилерди алмаштыруу жана убактылуу кароо иштери жүрүп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: