super.kg logo

Трамп Алиев менен Пашинянды Ак үйдө чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды Ак үйдө тынчтык саммитине кабыл алууга даяр экенин айтты. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында жазды.

"Мен Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Армения премьер-министри Никол Пашиняндын эртең Ак үйгө, тарыхый тынчтык саммитине келерин чыдамсыздык менен күтүп жатам. Бул эки өлкө көп жылдан бери согуш абалында болуп, миңдеген адамдардын өмүрү кыйылган. Көптөгөн лидерлер бул согушту токтотууга аракет кылышкан, бирок эч ким жетишкен эмес. Анткени эми “Трамп” бар",- деп жазды АКШ президенти.

Ал ошондой эле администрациясы Армения жана Азербайжан менен көптөн бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенин, жума күнү тынчтык келишимине кол коюу аземи өтөрүн билдирди.

"АКШ ошондой эле эки өлкө менен экономикалык өнүгүүгө багытталган эки тараптуу келишимдерге кол коёт. Бул Түштүк Кавказдын толук мүмкүнчүлүгүн ачууга жардам берет. Бул Армения, Азербайжан, АКШ жана бүт дүйнө үчүн тарыхый күн болот. Жакында жолугабыз",- деп кошумчалады АКШнын мурдагы президенти.

Эске салсак, буга чейин Армения өкмөтү АКШда тынчтык келишимине кол коюу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айткан.

13-мартта Армениянын Тышкы иштер министрлиги тынчтык келишиминин тексти макулдашылганын билдирип, келишимге кол коюунун орду жана мөөнөтү боюнча талкууга даяр экенин айткан.

Азербайжан тараптан болсо ТИМдин өкүлү Айхан Гаджизаде мындай тынчтык келишими чек арадагы ок атышуулар токтотулганда жана Армения өз Конституциясына аймактык дооматтардан баш тартууну камсыздаган өзгөртүүлөрдү киргизгенде гана мүмкүн болорун белгилеген. Ошондой эле Баку ЕККУнун Минск тобунун жоюлушун талап кылууда.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян буга чейин "регионалдык мүнөздөгү" жаңы Конституция кабыл алуу ниети бар экенин айтып, тынчтык келишими менен катар Минск тобунун таратылышы боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: