АКШ Иранга байланыштуу 18 адамга жана уюмга санкция киргизди
АКШ Ирандын мурдагы санкцияларды айланып өтүүсүнө жардам беришкен деген негизде 18 адамды жана уюмду санкция тизмесине киргизди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
АКШнын Мамлекеттик департаментинен таратылган маалыматка ылайык, жаңы санкциялар Иранга "АКШнын санкцияларынан качууга көмөк көрсөткөн" адамдарга жана уюмдарга багытталды.
Тизмеге киргендердин арасында каржы жана маалымат технологиялары тармагындагы компаниялар бар экени белгиленди. Алардын бири Иран коопсуздук күчтөрүнө калктын интернетке кирүүсүн чектөөгө мүмкүнчүлүк берген деп айтылат.
Маалыматта АКШ Ирандын "санкцияларды айланып өтүү жана мыйзамсыз жолдор менен чет өлкөдөн түшкөн кирешелерди кайра өлкөгө кайтаруу аракеттерине" каршы күрөшүүнү уланта турганы баса белгиленди.
