Орусия Индияга мунай сатып алууда жеңилдиктерди сунуштады
Орусия Индияга Urals мунай сорту үчүн Brent эталон баасына салыштырмалуу ар бир баррелине 5 доллар арзандатуу сунуштады. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги маалымдады.
Маалыматка караганда, жаңы баа боюнча мунай Индиянын портторуна жеткирилет. Жума мурун мындай арзандатуу каралган эмес болчу.
Аналитикалык Kpler Ltd компаниясынын пикиринде, бул арзандатуу Европанын Орусияга каршы санкцияларын күчөтүүсүнө жана АКШнын жаңы чектөөлөр киргизүү коркунучуна байланыштуу берилди.
Kpler’дин чийки мунай боюнча аналитика бөлүмүнүн башчысы Хомаюн Фалакшахи Urals мунайынын баасы дагы төмөндөшү мүмкүн экенин айтты. Анын айтымында, мындай тенденция АКШнын аракеттерине байланышкан белгисиздиктер менен шартталууда.
Аналитиктер индиялык компаниялар Орусиянын мунайынан толугу менен баш тарта албайт деп эсептешет, анткени Орусия бүгүнкү күндө Индия мунай базарынын 37 пайызын камсыздап жатат. Бул көлөмдү башка булактар менен алмаштыруу өтө кымбатка түшмөк.
Эске салсак, 6-августта Дональд Трамп Индиядан импорттолгон товарларга кошумча 25 пайыздык бажы төлөмүн киргизген жарлыкка кол койгон. Мунун себеби катары Индиянын Орусиядан мунай сатып алуу аркылуу Украинадагы согуш контекстинде Москвага каржылык жардам көрсөтүп жатканы айтылган. Бул чечимден кийин Индия товарларына жалпы бажы төлөмү 50 пайызга жеткен. Көп өтпөй Индия АКШнын мындай дооматтарын негизсиз деп атап, орусиялык мунай сатып алуу улуттук муктаждыктарга жана энергетикалык коопсуздукка байланыштуу экенин баса белгилеген.
