Германияда жаштардын саны эң төмөн деңгээлге түштү
Германияда 15-24 жаштагы жарандардын жалпы калк ичиндеги саны 2024-жылдын аягында 10 пайызга чейин түшүп, тарыхта болуп көрбөгөн деңгээлге жетти. Бул тууралуу Германиянын Федералдык статистика башкармалыгы (FSO) билдирди.
Маалыматка ылайык, жаштар санынын мындан да көбүрөөк азайышын мигранттар жана качкындар агымы гана токтото алды.
12-август - Эл аралык жаштар күнүнүн алдында жарыяланган расмий маалыматта, 2021-жылдан бери жаштар саны туруктуу сакталып жаткандай көрүнгөнү менен, бул 2022-жылдын февралында башталган Орусия–Украина согушунан кийин Германияга келген жаш мигранттардын эсебинен гана мүмкүн болгондугу белгиленет.
Миграциялык тарыхы жок жаштардын саны болгону 8,6 пайыз болсо, эки ата-энеси тең мигрант болгон жаштардын саны 20,7 пайыз менен эң жогорку көрсөткүчтү түзүүдө. Бул көрсөткүчтөр Германиядагы жаш калктын демографиялык түзүлүшү миграциянын эсебинен олуттуу өзгөрүп жатканын көрсөтөт.
Чыгыш аймактарда жаштар саны Батышка караганда тезирээк азайып жатат. Мисалы, Бранденбург, Мекленбург - Алдыңкы Померания жана Саксония-Анхальт жерлеринде жаштар саны 9 пайыздан да төмөндөп кеткен. Ал эми Батыштагы Бремен жана Гамбург шаар-аймактарында, ошондой эле Баден-Вюртемберг жеринде бул көрсөткүч 11 пайыздан бир аз гана жогору.
Германиянын Федералдык жумуш менен камсыз кылуу агенттигинин жетекчиси Андреа Налес, бул азайуунун экономикага тийгизген терс таасирин айтты.
"Германияда квалификациялуу жумушчу күчүнүн тартыштыгы ишкер чөйрө үчүн олуттуу көйгөй бойдон калууда",- деди ал.
Кеңешчилик компаниясы июнь айында жарыялаган отчетуна ылайык, Германия өнөр жайында акыркы бир жылда 100 миңден ашык жумуш оруну жоголгон. 2025-жылдын аягына чейин дагы 70 миң жумуш орду кыскарары күтүлүүдө.
Айрыкча автоунаа өндүрүш тармагы эң катуу жабыркап, 45 миңден ашык жумуш ордун жоготту. Бул демографиялык кыскаруу менен айкалышып, өлкөнүн өндүрүш жана жумуш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн ого бетер кыйындаштырып жатат.
