super.kg logo

Axios: Израил Газаны толугу менен басып алуу чечимин чыгарды

 

Израил бийлиги Газа шаарын оккупациялоо чечимин кабыл алды. План болжол менен 10 саатка созулган кеңешмелерден кийин бекитилген жана бул чечим Газа секторунун толук оккупациясына алып келүүчү алгачкы кадам катары бааланууда. Бул тууралуу Axios агенттиги билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп бул операцияга каршы эместиги айтылды.

Ошол эле учурда The Washington Post маалыматына ылайык, Израил армиясынын айрым жогорку жетекчилери мындай сценарийге каршы чыгышкан. Планга ылайык, операциянын жүрүшүндө 1 миллионго жакын тынч тургун башка жакка көчүрүлөт жана операция бир нече айга созулушу мүмкүн.

Буга чейин премьер-министр Биньямин Нетаньяху Израил Газа секторун аннекциялоону (толук кошуп алууну) көздөбөй турганын билдирген. Анын айтымында, Израилдин максаты ХАМАС кыймылын жок кылуу жана болжол менен 50 туткунду кайтаруу болуп саналат.

Нетаньяху белгилегендей, согуш аяктагандан кийин Газа аймагында "коопсуздук периметри" түзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: