super.kg logo

Данияда 15 жаштагы окуучу мектепке ок атууну пландаган деп кармалды

 

Даниянын түштүк-чыгышындагы Колдинг шаарында жеке мектепке карата куралдуу кол салуу жасоо планы бар деп шектелип 15 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Полиция кол салууну үч окуучу биргеликте даярдаганын маалымдады. Калган эки шектүү суракка алынгандан кийин бошотулган.

Түштүк-чыгыш Жутланд районунун полициясы өткөн жума күнү Сент-Майклс аттуу жеке мектепке куралдуу кол салуу жасалары тууралуу кабар алынганын билдирди.

Колдингдеги бул мектеп өлкөдөгү жайкы каникул аяктаган учурда чабуулга алынышы пландалган.

Ыкчам кызматтар окуя ачыкка чыккандан кийин мектепте же аймакта коопсуздук коркунучу жок экенин белгилешти. Кол салуу пландалган мектепте окуучулардын коопсуздугу камсыздалганы белгиленди.

Адам өлтүрүүгө аракет кылуу айыбы менен каралып жаткан 15 жаштагы шектүү, прокуратуранын өтүнүчү менен сот тарабынан төрт жумага убактылуу камакка алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: