super.kg logo

АКШда кене чаккан ымыркай жандандыруу бөлүмүнө түштү

 

Америкада бир айлык ымыркай Лили Сиско кене чаккандан кийин мээси жабыркап, ооруканага түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Дарыгерлер Лилияны чаккан кене сейрек кездешүүчү, өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон Powassan вирусун алып жүргөн деп божомолдоп жатышат.

Апасынын айтымында, кызы жана ымыркайы менен сейилдөөгө чыгышкан. Алар кайтып келгенде наристенин бутунан кене табылган. Баланын дене табы 39 градуска чейин көтөрүлгөн. Мындан улам ал Бостондогу Массачусетс штатынын ооруканасына жаткырылган.

Лилиянын анализинин жыйынтыгын күтүп жатышканда, ымыркайдын эпилепциясы кармап, андан кийин мээ шишиги пайда болгон.

Ымыркай жандандыруу бөлүмүнө которулуп, учурда дарыгерлер көзөмөлдөп жатышат.

Ачык булактардын маалыматы боюнча, Повассан вирусу биринчи жолу 1958-жылы аныкталган. Ал кене аркылуу жугат. Вирус энцефалит жана менингитке алып келиши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: