Бетербиев Бивол менен трилогиянын жокко чыгышы боюнча билдирүү жасады
Орусиялык мушкер Артур Бетербиев Дмитрий Бивол менен үчүнчү беттеш өткөрүүдөн баш тартканы тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Бетербиевдин айтымында, Бивол "артка чегинүүнүн жолун тандады", бирок Бетербиев анын макулдугун күтпөй, жолун улантат.
"Биздин кийинки беттеш Орусияда өтөт деп пландалган. Азыр эмне жөнүндө сөз болуп жатканын билесиздер. Дмитрий Бивол менен үчүнчү беттеш жөнүндө. Бизге эң сонун шарттар сунушталды, алардан баш тартуу дээрлик мүмкүн эмес болчу. Өз тарабымдан үчүнчү беттеш өтүшү үчүн баарын жасадым, бирок атаандашым кайра артка чегинүүнүн жолун тандады. Мен жетиштүү убакыт күттүм, эми дагы күтүүгө ниетим жок. 22-ноябрда Эр-Риядда көрүшкөнчө. Баарына карабай жолумду улантам",- деп жазды ал.
Буга чейин маалымдалгандай, мурунку абсолюттук чемпион Бетербиев 22-ноябрда Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында өтө турган The Ring IV Night of Champions турниринде кийинки беттешин өткөрөт.
Анын атаандашы күтүлгөндөй Бивол эмес, америкалык мушкер Деон Николсон болот.
