Японияда былтыр калктын саны 900 миңге кыскарганы айтылды
Япониянын Тышкы иштер министрлиги 2024-жылы өлкө калкы рекорддук 900 миң адамга кыскарганын жарыялады. Ошол эле учурда чет элдик жашоочулардын саны кескин көбөйүп, бир жыл ичинде 350 миңден ашык адамга өскөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
2009-жылы калк 126,6 миллион адамга жеткенден бери Япониянын жалпы калкы 16 жыл катары менен азайып келет. Адистердин божомолунда, 2026-жылга чейин калк 120 миллион адамга кыскарышы мүмкүн.
Учурда Японияда 120,6 миллион адам жашайт, алардын ичинен 3,7 миллиону – чет элдиктер. Калктын өсүшү жалаң гана Токио шаарында байкалып, ал жакта жашоочулардын саны 0,13 пайызга көбөйгөн. Чет элдик резиденттердин 20 пайызы дал ушул борбор калаага туура келет.
Япония өкмөтү калктын азайышына каршы активдүү аракет көрүүдө. 2024-жылы өкмөт 5,3 триллион иен (болжол менен 34 миллиард доллар) үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн сарптаган. Ошондой эле Токиодо никеге турууну көздөгөндөр үчүн мамлекеттик таанышуу тиркемеси ишке киргизилген. Учурда өкмөт жумуш аптасын 4 күнгө чейин кыскартуу жана ата-энелер үчүн жаңы жеңилдиктерди киргизүүнү карап жатат.
