super.kg logo

Кыргызстандагы Ozon’дун товар жүгүртүүсү эки эсе өстү

 

Ozon Holdings PLC 2025-жылдын 2-чейреги үчүн аудиттелбеген финансылык жыйынтыктарды жарыялады. Компания биринчи жолу бир жолку кирешеге байланышпаган 377,4 миллион сом таза киреше тапты, ал эми түзөтүлгөн EBITDA 42,3 миллиард сомду түзгөн рекорддук көрсөткүчкө жетти.

2025-жылдын 2-кварталында Ozon’дун кирешеси 87 пайызга көбөйүп, 245,4 миллиард сомго жетти. Кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алганда жүгүртүү (GMV) 2025-жылдын экинчи кварталында өткөн жылга салыштырмалуу 51% көбөйүп, 1,03 триллион сомго чейин жетти. Кыргызстанда маркетплейстин жүгүртүүсү өткөн жылдын ушул мезгилинин жыйынтыгы менен салыштырганда 2 эсе өстү.

2-чейректин жыйынтыгы боюнча компаниянын 60,5 миллион жигердүү кардары бар, бул бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 18 пайызга көп. Кыргызстанда өсүш ыргагы кыйла тездеди: жыл ичинде жигердүү сатып алуучулардын базасы эки эсе көбөйдү. Кардарлардын маркетплейске берилгенин да белгилей кетүү керек: орточо эсеп менен ар бир кардар Ozon’до жылына 30дан ашык буйрутма берет – бул өткөн жылга караганда 6га көп дегенди билдирет.

Натыйжада, 2025-жылдын 2-чейрегинде компания өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үчтөн экиге көп буйрутманы жеткирди - 539,4 миллион буйрутма болду. Кыргызстанда да буйрутмалардын саны кыйла тездик менен – 2 эсе көп өстү.

Компания кампалардын аянтын 3,7 миллион чарчы метрге чейин көбөйттү. Кыргызстанда компаниянын логистикалык кубаттуулугуна Бишкектеги сорттоо борбору жана Дордой базарынын аймагындагы буйрутмаларды кабыл алуу пункту кирет. Мындан тышкары, компания буйрутмаларды кабыл алуу пункттарынын тармагын да жигердүү өнүктүрүп жатат.

* Отчёттогу рублдик көрсөткүчтөр сомго 2025-жылдын 2-кварталынын орточо курсу боюнча которулду.

Ozon – бул өнүккөн логистикалык тармагы бар көп категориялуу маркетплейс. Компания Казакстанда, Арменияда, Беларуста, Орусияда, Кыргызстанда, Өзбекстанда, Азербайжанда, Грузияда, ошондой эле Кытайда жана Түркияда бизнес жүргүзөт. Ozon аянтчасы китептерден жана кийимдерден баштап, ден соолук үчүн керектүү азыктардан жана товарларга чейин 20дан көп категорияда 370 миллиондон ашык товарды сунуштай алат. 60,5 миллион жигердүү сатып алуучу Ozon’дун өнүккөн логистикалык инфраструктурасынын жардамы менен буйрутмаларын алып жатышат. Аянтча ошондой эле 600 миң ишкерге өз товарларын Орусияда жана КМШ өлкөлөрүндө сатууга мүмкүнчүлүк берүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: