super.kg logo

Армения- Азербайжандын келишими: АКШ Түштүк Кавказдагы стратегиялык коридорду көзөмөлдөйт 

 

Армения менен Азербайжандын тынчтык келишиминен кийин АКШ Түштүк Кавказдагы стратегиялык коридорду көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Бүгүн, 8-августта Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев кол коё турган тынчтык келишими АКШга Түштүк Кавказ аркылуу өтүүчү стратегиялык транзиттик коридорду өнүктүрүүдө өзгөчө укуктарды берет.

Келишимге Вашингтондо, АКШ президенти Дональд Трамптын катышуусунда кол коюлат. Бул документ Армения менен Азербайжандын ортосунда Советтер союзу урай электе курчуп кеткен көп жылдык жаңжалга чекит коюшу мүмкүн.

Маалыматтарга ылайык, Азербайжан өзүнүн түштүк-батыш бөлүгүн Түркия менен чектешкен Нахичеван эксклавы менен түз байланыштыргысы келет. Бул үчүн транспорттук коридор Армениянын Сюник облусундагы Мегри шаары аркылуу өтүшү күтүлүүдө. Мурда бул коридор "Зангезур коридору" деп аталган, бирок Ереван ага каршы чыгып келген.

Жаңы долбоор "Трамптын эл аралык тынчтык жана өнүгүү жолундагы маршруту" деп аталып, АКШнын тикелей катышуусунда ишке ашмакчы. Муну АКШ көзөмөлдөйт, бирок инфраструктура Армениянын мыйзамдарына ылайык иштейт. АКШ аны эл аралык консорциумга узак мөөнөттүү негизде берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

2023-жылы Пашинян "Зангезур коридору" түшүнүгү Арменияга карата аймактык дооматтарды камтыйт деп билдирип, анын ордуна "Тынчтыктын кесилиши" аттуу долбоорду сунуштаган. Ал долбоор боюнча Армения түштүгүндөгү мурдагы темир жол кайра калыбына келтирилип, Азербайжан аны Нахичеван менен байланыш үчүн пайдалана алмак.

Эске салсак, бүгүн АКШнын президенти Дональд Трамп Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды Ак үйдө тынчтык саммитине кабыл алат.

Буга чейин Армения өкмөтү АКШда тынчтык келишимине кол коюу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айткан.

13-мартта Армениянын Тышкы иштер министрлиги тынчтык келишиминин тексти макулдашылганын билдирип, келишимге кол коюунун орду жана мөөнөтү боюнча талкууга даяр экенин айткан. Азербайжан тараптан болсо ТИМдин өкүлү Айхан Гаджизаде мындай тынчтык келишими чек арадагы ок атышуулар токтотулганда жана Армения өз Конституциясына аймактык дооматтардан баш тартууну камсыздаган өзгөртүүлөрдү киргизгенде гана мүмкүн болорун белгилеген. Ошондой эле Баку ЕККУнун Минск тобунун жоюлушун талап кылууда.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян буга чейин "регионалдык мүнөздөгү" жаңы Конституция кабыл алуу ниети бар экенин айтып, тынчтык келишими менен катар Минск тобунун таратылышы боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: