super.kg logo

Жүргүнчүлөр учакта 11 саат өткөрүштү

 

Cathay Pacific авиакомпаниясынын Лос-Анжелестен Гонконгго учкан каттамынын жүргүнчүлөрү аба ырайынын кесепетинен 29 саатка жакын убакыт саякатташты, ал эми учуу кадимки шартта болгондо 13 саатты гана алмак. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, учак ичинде 300 жүргүнчү болгон. Учак АКШдагы аэропорттон 4-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:55те учуп чыккан.

Бирок Boeing 777 учагы Гонконгго түшүү үчүн ылдыйлаганда катуу жаан-чачын учурунда пилоттор коно алышпады. Катуу жааган жаан-чачындан улам учак Тайвандын аэропортуна багытталды.

Daily Mail басылмасынын маалыматына ылайык, жүргүнчүлөрдү түшүрбөй, авиакомпания аларды учакта дагы 11 саатка чейин кармап турган. Анын себеби эл аралык мыйзамдар жана иммиграциялык чектөөлөр менен байланыштуу болгону айтылды.

Акырында авиакомпания мыйзам боюнча учууну улантуу укугуна ээ болуу үчүн пилотторду жана учак командасын алмаштырып, Тайванда узак мөөнөт токтоп турду.

Көп сааттык күтүүдөн кийин учак саякатын улантып, 5-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:15те Гонконгго конду. Учуу башталгандан бери 28 саат 20 мүнөт өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: