super.kg logo

Тажикстанда 30дай полиция кызматкери ашыкча салмагы үчүн кызматтан кеткени айтылды

 

Былтыр, 2024-жылы Тажикстанда ашыкча салмакка байланыштуу 30га жакын ИИМ кызматкери жумуштан бошотулганын аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин кадрлар жана жеке курам менен иштөө башкармалыгынын башчысы Хусейн Халилзода билдирди.

Анын айтымында, былтыр 20 миңден ашык кызматкердин салмагы текшерүүдөн өткөн.

"26дан ашык адам ашыкча салмак үчүн иштен алынган. Бирок аларга салмагын түшүрүү үчүн мөөнөт берилген. Эгер дене салмагы талапка жооп берсе, кайра жумушка кайтарылышы мүмкүн. Жыл ичинде 13 кызматкер салмагын нормага келтирип, кайра ишке орношту",- деди Халилзода.

ИИМдин басма сөз катчысы Нусратулло Маҳмадзода белгилегендей, министрликтин талаптарына ылайык, эркектердин бою кеминде 168 сантиметр, аялдардыкы — 160 сантиметр болушу керек, ал эми алардын салмагы боюна ылайык болушу зарыл. Ошондой эле денеде ашыкча май болбошу шарт.

Ашыкча салмак үчүн жумуштан убактылуу бошотулуп, салмагын калыбына келтирип кайра кызматка кайткандар тууралуу биринчи учурлар 2017-жылдын январь айынын аягында катталган. Бул министрдин атайын көрсөтмөсүнөн кийин башталган.

Андан бери салмагын азайтып, кызматка кайтып келген кызматкерлердин саны акырындык менен өсүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: