super.kg logo

Ошто Текебаевге, Чолпон Султанбековага таандык үйлөр бузулууда

 
Ош шаарындагы Алишер Навои эс алуу багындагы мыйзамсыз 11 курулуш имараты бузулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мэрия эс алуу багындагы 11 коммерциялык курулуштардын жер аянттарын кайтарып алуу боюнча бардык соттук жараяндан утуп чыккан. Эскертүүлөргө карабастан курулуш ээлери имараттарды бузуп алуу иштерин жүргүзбөй келишкен. Алардын ичинен жетиси Ак-Буура дарыясынын корук аймагына курулуп калган.
Бүгүн, 8-августта муниципалдык менчик башкармалыгы аталган 11 имаратты бузуп алып салуу иштерин баштады. Менчик ээлеринин арасында бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин да мүлктөрү бар. Арасында учурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин бир тууганына, депутат Чолпон Султанбековага тиешелүү имараттар бар.





08.08.2025

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: