Медербек Сатыев жергиликтүү соттордун төрагаларына катуу эскертүү берди (видео)
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев 7-августтагы онлайн-кеңешмеде айрым кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери жана этикага туура келбеген жүрүм-туруму жалпы сот бийлигинин аброюна шек жаратып жатканын айтты.
Анда судьялардын эмгек акылары жогорулап, материалдык-техникалык база чыңдалып, натыйжалуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлүп жаткандыгы баса белгиленди.
“Канчалык эскертүүлөр, талаптар коюлгандыгына карабастан айрым судьялардын пара менен кармалып, тергөө иштери жүрүп жатканы сот системинин кадыр-баркына чоң залал келтирүүдө. Ал эми мындай көрүнүштөр коомчулук арасында сотторго карата терс сын-пикирлердин күч алышына түрткү берип жатат.
Ошондуктан айрым судьялардын, сот кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерге барып жатканына облустук, райондук соттордун төрагалары, сиздер да моралдык жактан жооптуу экениңиздерди унутпаңыздар. Анткени сиздер тарабынан бул багытта жетиштүү деңгээлде алдын алуу иштери жүргүзүлбөй жатканынан кабар берет”,- деди төрага.
Жергиликтүү сотторго жалпы жыйындарды өткөрүү, сот аппараттарынын кызматкерлерине этикалык нормаларды жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча так талаптарды коюу, бул маселени катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди. Сотко кайрылган жарандарга сылык жана урматтоо менен мамиле кылууга өзгөчө маани берүү зарылдыгын белгиледи.
08.08.25

