super.kg logo
  Саясат  

Кара-Кулжада коомдук-маданий кызмат көрсөтүү борборунун курулушу кызуу жүрүп жатат (фото)

 
Кара-Кулжа районунда коомдук-маданий кызмат көрсөтүү борборунун курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Облустун башчысы Элчибек Жантаев Кара-Кулжа районуна жумушчу сапар менен барып бир катар социалдык жана инфраструктуралык объекттердин абалы менен таанышты.
Сапардын алкагында жетекчилер алгач район борборунда курулуп жаткан коомдук-маданий кызмат көрсөтүү борборунун курулуш иштерин көрүп чыгышты. Облус башчысы курулуштун сапатына жана мөөнөтүндө аякташынын маанилүүлүгүн белгилеп, тиешелүү жетекчилерге аны өз убагында жана талаптагыдай сапатта бүтүрүү боюнча тапшырма берди.
Мындан тышкары, райондук администрациянын алдындагы эс алуу багын оңдоп-түзөө долбоорунун баштапкы үлгүсү сунушталып, жетекчилер парк аймагын жеринен көрүп чыгып, кошумча сунуш-пикирлерин беришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: