super.kg logo

85 жаштагы карыя жубайы жана досунун жардамы менен Гиннестин рекорддор китебине кирди

 

Америкалык Роберт Сандерс 44 күндө 4 миң 800 чакырымды велосипед менен басып өтүп, Гиннес рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу китептин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 85 жаштагы Сандерс расмий түрдө 4 миң 839,3 чакырым велосипед айдап өткөн эң кары велосипедчи болуп таанылды. Буга чейинки рекорд 78 жаштагы америкалык Брюс Клоссерге таандык болчу.

44 күндүк сапарында саякатчы Калифорниядан Флоридага чейин барып, мейманканаларда, хостелдерде же түз эле аны коштоп жүргөн унаанын ичинде түнөгөн. Унааны жубайы Кэтрин жана көп жылдан берки досу Жек Хокер айдашкан. Алар сапардын бүтүндөй жүрүшүндө Сандерсти шыктандырып турушкан.

"Адегенде Жек, анан Кэтрин. Алар болбосо бул мүмкүн эмес эле",- деп айтты Роберт сапардын соңунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: