super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров менен Михаэль Доппельмайер жолугушту

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Doppelmayr/Garaventa Group башкармалыгынын төрагасы Михаэль Доппельмайер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, аталган австрия-швейцариялык топ Чүй облусундагы "Ала-Арча" жаратылыш паркында жана Ысык-Көл облусундагы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринде аркан жолун куруу долбоорун ишке ашырууда.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, курулуштун графигин сактоонун жана иштин жогорку
сапатын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Президент Садыр Жапаров курулуп жаткан объекттер өлкө тургундарын да, чет элдик конокторду да кызыктырган маанилүү туристтик жайларга айланарына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Михаэль Доппельмайер көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, компания Кыргызстан менен кызматташканына сыймыктанарын жана долбоорлорду аткаруунун эл аралык стандарттарга шайкеш жогорку деңгээлин камсыздоого даярдыгын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: