Индия АКШдан жаңы курал-жарак жана учактарды сатып алууну токтотту
АКШ Индияга кошумча бажы төлөмдөрүн киргизгенден кийин Индия өкмөтү АКШдан курал-жарак жана аскердик учактар сатып алуу боюнча пландарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Июль айынын аягында АКШ президенти Дональд Трамп Индиядан келген товарларга 25 пайыздык бажы төлөмүн киргизерин жарыялады. Ал мындай кадамын Индиянын жогорку тарифтери, соодадагы тоскоолдуктары жана Орусия менен кызматташтыгы менен түшүндүргөн. Ошондой эле Трамп Индия бул аракеттер үчүн "айып төлөшү керек" деп билдирген.
Көп өтпөй Трамп дагы бир жарлыкка кол коюп, Индиянын Орусиядан мунай сатып алгандыгы үчүн кошумча 25 пайыздык бажы төлөмүн киргизди. Бул санкциялар 27-августтан тартып күчүнө кирет.
Бирок Индия АКШнын мындай дооматтарын негизсиз деп атап, орусиялык мунай сатып алуу улуттук муктаждыктарга жана энергетикалык коопсуздукка байланыштуу экенин баса белгилеген.
Маалым болгондой, Индиянын коргоо министри Раджнатх Сингх келерки жумада Вашингтондо барып, курал-жарак сатып алуу боюнча келишимдерди жарыяламак. Бирок бул сапар азырынча токтотулду.
АКШ санкцияларды расмий түрдө киргизе электе эле индиялык саясатчылар жана дипломаттар соода келишими аркылуу маселелерди жөнгө салууга үмүт артып жатышкан.
