super.kg logo

Сезондук азык-түлүккө болгон баа төмөндөдү

 

Айыл чарба министрлиги тарабынан 6-августта Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө азык-түлүк продуктуларына болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:

  • каймак май – 630,7 сом,
  • макарон азыктары (спагетти) – 73 сом,
  • жумуртка – 87,6 сом,
  • 1-сорттогу буудай уну (импорттолгон) – 43,2 сом,
  • макарон азыктары (вермишель) – 76,1 сом,
  • сабиз – 58,4 сом,
  • картошка – 42,4 сом,
  • пияз – 39,2 сом,
  • 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан – 64,4 сом,
  • нан азыктары – 95,6 сом,
  • 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 35 сом,
  • пастерленген сүт – 73,5 сом.

Казакстанда төмөнкүдөй:

  • сабиз – 51 сом,
  • картошка – 54 сом,
  • күрүч – 185,4 сом,
  • пияз – 38 сом.

Орусияда төмөнкүдөй:

  • нан азыктары – 139 сом,
  • картошка – 70,5 сом,
  • сабиз – 65 сом,
  • пияз – 63,8 сом,
  • макарон азыктары (вермишель) – 91 сом,
  • жумуртка – 120,5 сом,
  • кум шекер – 78 сом.

Ошондой эле министрлик тарабынан керектөө рыногунда туруктуулукту камсыз кылуу жана баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө. Мониторингдин жыйынтыгында өлкөнүн азык-түлүк базарларында, өзгөчө сезондук азыктар болгон жашылча-жемиштердин – капуста, сабиз, пияз, помидордун баасынын төмөндөшү аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: