Бишкекте өспүрүмдү сойкулукка мажбурлаган жаран милицияга пара берип кармалды (видео)

Маалым болгондой, милицияга Социалдык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси Т.Б. тиешелүү арыз менен кайрылган. Арызында ал Н. жана А. аттуу жарандар тарабынан мыйзамсыз аракеттер жасалганын билдирген. Алар бир ай бою алдоо жана коркутуу менен 2009-жылы туулган М.А. аттуу өспүрүмдү сойкулук кылууга түрткөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси (Сойкулук кылууга тартуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 7-августта тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2003-жылы туулган М.Н. аттуу жаран милиция кызматкерине кылмыш ишин токтотуу үчүн пара сунуш кылган. Бул тууралуу дароо жетекчиликке маалымдалган.
Ошол эле күнү акча каражатын берүү учурунда 2003-жылы туулган М.Н. жаран пара берип жаткан учурда кармалган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу камоо жайына киргизилди.
Мындан тышкары, 1981-жылы туулган А.А. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси (Сойкулук менен алектенүүгө тартуу) боюнча да шектелүүдө. Ал да убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
08.08.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:14
2025-08-08
17:30
2025-08-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.