Зеленский: "Согушту токтотууга убакыт келди"
Украинанын президенти Владимир Зеленский Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди. Негизги тема согушту адилеттүү тынчтык жолу менен бүтүрүү жана бул багытта аракеттерди координациялоо болгонун чет элдик басылмалар жазышууда.
Зеленскийдин айтымында, Украина менен Германия согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтотууну каалайт.
"Согуш азыр дал Европада жүрүп жатат, ал эми Украина — Европанын ажырагыс бөлүгү. Биз буга чейин эле Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштаганбыз. Демек, Европа бул процесстерге толук кандуу катышуусу керек.Согушту токтотууга убакыт келди", — деп билдирди Зеленский.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Зеленский менен Мерц байланышта болууну макулдашкан. Президенттин айтымында, бүгүн эле Украина, Европа жана АКШнын коопсуздук боюнча кеңешчилери менен онлайн жолугушуу өткөрүп, жалпы позицияларды макулдашууга аракет кылышат.
