super.kg logo

Дагестанда эки аялды барымтага алган жергиликтүү тургун кармалды

 

Дагестандын Тарумовка районунда эки аялды барымтада кармап турган куралчан киши кармалып, аялдар бошотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 62 жаштагы жергиликтүү тургун мурдагы жубайынын үйүнө мылтык менен кирип барып, ал жерде болгон мурунку аялын жана анын эжесин барымтага алган.

Шектүү мурдагы жубайы менен болгон үй маселеси боюнча талашты чечүү үчүн райондук судья менен прокуратура кызматкерин чакыртууну талап кылган.

Тартип сакчылары сүйлөшүү жолу менен мурдагы жубайынын эжесин бошотууга жетишкен. Эки саат өткөн соң экинчи аял бошотулду.

"Окуя болгон жерден курал жана ок-дарылар алынды. Шектүү полиция бөлүмүнө жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: