АКШда Армения менен Азербайжан тынчтык декларациясына кол коюшту. Анда эмнелер айтылды?
8-августта Азербайжан президенти Ильхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Николь Пашинян АКШ президенти Дональд Трамптын ортомчулугу менен Ак үйдө биргелешкен тынчтык декларациясына кол коюшту.
Документ тараптарды аскердик аракеттерди токтотууга, соода, дипломатиялык мамилелерди жана өз ара сапарларды калыбына келтирүүгө, ошондой эле бири-биринин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого милдеттендирет.
Азербайжан жана Армения лидерлери кол койгон декларацияга АКШ президенти Дональд Трамп да кол койду.
Мындан тышкары АКШ аталган эки өлкө менен энергетика, технологиялар, экономикалык кызматташтык, чек ара коопсуздугу, жасалма интеллект, инфраструктура жана соода тармактарында эки тараптуу келишимдерди түздү.
Декларацияда ошондой эле АКШга Түштүк Кавказдагы стратегиялык транзиттик коридорду өнүктүрүү боюнча эксклюзивдүү укук берүү каралды.
Декларацияда Азербайжан менен Нахичеванды бөлүп турган Армениянын 32 чакырымдык тилкесинде темир жол бөлүгүн, мунай жана газ түтүктөрүн, оптикалык-була байланыш системаларын куруу каралган.
Армениянын премьер-министринин сунушу боюнча транспорттук коридор "Эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өсүү үчүн Трамп жолу" деп атала турган болду. Азербайжан менен Нахичеван ортосундагы транспорттук коридорду түзүү боюнча келишимге келе албашы эки өлкөнүн тынчтык келишимин түзүүсүнө жалгыз олуттуу тоскоолдук болуп келген. Бул келишимдин негизин АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф даярдаган. Ал акыркы айларда Азербайжан жана Армения жетекчилери менен бир нече жолу жолугушкан.
Келишимге кол коюу аземинде эки өлкөнүн лидерлери Дональд Трампка жана анын өкүлдөрүнө ортомчулук аракети үчүн ыраазычылык билдиришти. Никол Пашинян бул келишимди "олуттуу этап" деп атаса, Алиев Трамп алты ай ичинде "керемет" жасай алганын билдирди.
Декларацияда мындан тышкары Армения менен Азербайжан ОБСЕнин баш катчысына кайрылып, Тоолуу Карабах жаңжалын жөнгө салуу үчүн түзүлгөн Минск тобун таратуу өтүнүчүн жолдой турганы айтылат. Бул топтун тең төрагалары Орусия, Франция жана АКШ болчу.
Дональд Трамп бейшемби күнү эле өзүнүн социалдык тармактарында бул жолугушууну «Тарыхый тынчтык саммити» деп атаган. Бирок Армения жана Азербайжан лидерлери 30 жылдан ашуун созулган жаңжал учурунда биринчи жолу бетме-бет өткөн жолугушуусун болжол менен бир ай мурун, 10-июлда Абу-Дабиде өткөрүшкөн.
Келишимдин текстин тараптар март айында эле макулдашкан, бирок Азербайжан аны кол коюудан мурда Армения өзүнүн Конституциясын өзгөртүшүн талап кылууда. Бакунун пикиринде, анда Азербайжанга карата аймактык дооматтар камтылган.
Сөз болуп жаткан нерсе Армения Конституциясынын преамбуласындагы, СССР таркаганга чейин кабыл алынган Армениянын көз карандысыздык декларациясы болуп саналат. Ал декларацияда болсо Армян ССРи менен Тоолуу Карабах автономдуу облусун бириктирүү жөнүндөгү токтомго шилтеме бар.
Никол Пашинян болсо шилтемелерди аймактык доомат катары кароого болбой турганын айтып, Армениянын эл аралык келишимдери ички мыйзамдардан жогору турарын белгилеп келет.
Ошол эле учурда Пашинян референдум өткөрүү мүмкүнчүлүгүн да четке каккан жок, бирок, анын айтымында, Армения муну 2026-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин гана жүргүзө алат.
видео

