super.kg logo

АКШ: Украина өз аймагынын бир бөлүгүн Орусияга өткөрүп бериши мүмкүн

 

Украина Орусияга айрым аймактарын өткөрүп бериши мүмкүн. Бул тууралуу The New York Times гезити жазды.

"АКШ Украина өз жерлеринин бир бөлүгүн өткөрүп берүү үчүн Орусия менен бирге аракет кылышы мүмкүн", — деп айтылат басылманын билдирүүсүндө.

Ошол эле учурда NYT'нин баамында, Украина Орусияга аймактарды өткөрүп берүүдө көптөгөн саясий жана аскердик кыйынчылыктарга туш болорун маалымдады. Буга чейин украин лидери Владимир Зеленский конфликтти чечүү маселесиндеги позициясын өзгөрткөнү, азыр келишим түзүү боюнча иштөөгө даяр экени айтылган.

Ал эми Wall Street Journal гезити Орусия фронт боюнча ок атышууну токтоткондон кийин Украина менен аймактарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландап жатканын белгилеген.

Эске салсак, 15-августта Владимир Путин менен Дональд Трамп Аляскада жолугушат. Бул 1988-жылдан берки АКШ менен Орусия президенттеринин Америкада өтө турган алгачкы жолугушуусу болот. Жолугушууда аймактарды алмашуу жана Киевдин НАТОго кирүүдөн баш тартуусу тууралуу талкуу болушу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: