super.kg logo

Зеленский Украинанын жерин Орусияга берүү боюнча пикирин айтты

 

Украина президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамптын согушту токтотуу максатында Орусия менен Украина ортосунда "аймактарды алмашуу" мүмкүнчүлүгү тууралуу айтканына жооп берди.

"Украинанын аймактык маселесинин жообу буга чейин эле Украина Конституциясында бар. Бул принциптен артка кайтпайбыз жана артка чакыра албайбыз. Украиналыктар өз жерин баскынчыга белек кыла беришпейт", — деди Зеленский таңкы кайрылуусунда.

Ушул тапта Wall Street Journal гезити булактарына таянып, Владимир Путин Украинанын Донецк жана Луганск облустарынан баш тартышынын ордуна ок атышууну токтотууга даяр экенин жазган. Бул аймактардын көбүн Орусия көзөмөлдөп турат.

"Украина чыныгы тынчтыкты камсыз кылган чечимдерге даяр. Бизге каршы кабыл алынган, Украинасыз кабыл алынган чечимдер — бул тынчтыкка каршы чечимдер. Алар эч нерсе бербейт. Бул өлүк чечимдер, алар эч качан иштебейт", — деп жазды Зеленский.

Ал Трамп жана башка өнөктөштөр менен "чыныгы тынчтык үчүн" бирге иштөөгө даяр экенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин АКШ Украина өз жерлеринин бир бөлүгүн өткөрүп берүү үчүн Орусия менен бирге аракет кылышы мүмкүн экени айтылган. Эске салсак, 15-августта Владимир Путин менен Дональд Трамп Аляскада жолугушат. Бул 1988-жылдан берки АКШ менен Орусия президенттеринин Америкада өтө турган алгачкы жолугушуусу болот. Жолугушууда аймактарды алмашуу жана Киевдин НАТОго кирүүдөн баш тартуусу тууралуу талкуу болушу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: