super.kg logo
  Саясат  

"Жайлоолорду техника менен тебелетпегиле". Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды (видео)

 

Президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасында Кыргызстандагы жайыттардын талкаланышы тууралуу маселе көтөрдү.

Ал 1970-жылдардан бери жайлоолорго урук себүү иштери таптакыр болбогонун, ошондой эле аймакка кирген машиналар менен техникалар жерди тебелеп, каршы-терши жолдорду пайда кылып жатканын белгиледи.

"Мен өлкө боюнча жайлоолорду кыдырып жүрөм. Бир эле Каркырада эмес, Ат-Башы, Ала-Бука, Чаткал, Алай, Чоң-Алай сыяктуу бардык жайлоолордо жайыттарды техникалар тебелеп, каршы-терши жолдорду пайда кылып салышкан. Анысы аз келгенсип, жайлоолор такыр боло баштаган. Себеби 1970-жылдардан бери жайлоолорго урук себүү иштери таптакыр болгон эмес", - деди Жапаров.
Мамлекет башчысынын айтымында, 4-5 жылдан бери жайлоолорго урук себүү иштери жүргүзүлүүдө. Бирок бир жылда эле бардык жайлоолорго урук себүү мүмкүн эмес.
"Бери дегенде 15-20 жыл керек болот. Себеби урук себилген жер мал жайылбай, бир эки жыл эс алып туруш керек. Малдын саны да абдан көбөйүп кеткен. Ошондуктан, урматтуу жайлоочулар, ар бириңер жайлоого барган турист болобу же өзүңөрбү жайлоолорду, көк шиберлерди техника менен тебелебегиле. Техника менен негизги жолдордон чыкпагыла. Жайлоолорду өз бакчаңардай коргогула", - деп билдирди өлкө башчысы.





видео

видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: