super.kg logo
  Спорт  

Белгилүү мушкер Дмитрий Биволго операция жасалды

 

Белгилүү кыргызстандык мушкер Дмитрий Биволго операция жасалды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Мушкердин айтымында, көптөн бери бели ооруп жүргөн.

"Дарыгердин сунушу менен он жылдан ашык убакыттан бери ооруп келген мурунку белдеги жараатты операция кылууга туура келди. Анткени ал ар бир машыгуу лагеринен кийин начарлап жаткан. Баары ийгиликтүү өттү, азыр болсо өзүмдү бир топ жакшыраак сезип жатам", - деп айтылат билдирүүдө.

Мушкер алдыңкы 6–8 апта калыбына келүү процессинде болорун, андан кийин машыгууларга кайрадан кайтууну пландап жатканын кошумчалады.

"Колдоо көрсөткөндөргө чоң ыраазычылык. Келерки жылы жаңы чакырыктарды чыдамсыздык менен күтөм!" - деп сөзүн жыйынтыктады Бивол.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: