УКМК чет өлкөлүк жаранды ири өлчөмдө акча каражатын опузалап талап кылуу учурунда кармады (фото)





УКМК тарабынан акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында Ф.В.Г. аттуу Германиянын жараны 10 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин шектүү чет элдик инвестордон, азыркы учурда Кыргызстандын жараны болгон Н.М.И.ни коркутуу жолу менен укук коргоо, сот органдарына кайрыларын эскертип, 6 миллион 200 миң АКШ доллар же Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан мүлктөрүн өткөрүп берүүнү талап кылган.
Инвестордун чет өлкөлүк жарандын алдындагы финансылык милдеттенмелерин толук төлөп бергенине карабастан «башка бирөөнүн мүлкүн өткөрүп берүү боюнча мыйзамсыз талаптар» токтогон эмес.
Учурда аталган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары уланууда.


