Усман Капаров Таиландда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда коло медаль тагынды
Кыргызстандык боксчу Усман Капаров Таиландда өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда коло медаль тагынды.
19 жашка чейинки спортчулар арасындагы мелдеш учурунда Бангкок шаарында өтүүдө.
Капаров 75 килограммга чейинки салмакта күч сынашты, бул категорияда жалпысынан 10 спортчу катталган. Ал 7-августта 1/4 финалдан таймаш баштап, биринчи атаандашы Шри-Ланкадан келген мушкерди экинчи раундда ишенимдүү жеңип, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда кыргызстандык мушкер өзбекстандык Мухаммаджон Якупбоев менен күч сынашып, 5:0 эсебинде өзбекстандык спортчу жеңишке жетти.
Жыйынтыктоочу протокол боюнча Капаров 3-орунга ээ болуп, коло медаль тагынды.
Кыз-келиндер арасындагы мелдеште да кыргызстандык Зарина Асанова (70 килограммга чейинки салмак) жарым финалда утулуп, коло медаль менен сыйланды.
