Жабыркагандар бар. Нью-Йорк шаарынын борборунда ок атышуу болду
Нью-Йорк шаарынын Таймс-сквер аймагында ок атышуу болуп, үч адам жаракат алды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги шаардык полиция департаментине таянып билдирди.
Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:20да болгон. Окуянын кандайча болгондугу тууралуу толук маалымат азырынча ачыктала элек. Социалдык тармактарда тараган видеолордо адамдардын окуя болгон жерден качып жатканын, полиция кызматкерлери автоунааны курчап, жерде жаткан жабыркагандарга жардам бергенин көрүүгө болот.
Полициянын айтымында, бир адам кармалып, сурак берген. Бирок ага айып тагыла элек. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген, алардын өмүрүнө коркунуч жок экени белгиленди.
Журналисттердин маалыматына караганда, быйыл Нью-Йорк шаарында ок атуу менен байланышкан кылмыштардын деңгээли кыйла төмөндөгөн. 3-августка карата ок атышуулар өткөн жылга салыштырмалуу 23 пайызга азайып, акыркы ондогон жылдардагы эң төмөн көрсөткүчкө жеткен.


