Трамп: "Зеленский кайсы бир документке кол коюуга даяр болушу керек"
АКШ президенти Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленский кайсы бир документке кол коюуга даяр болушу керектигин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Эми президент Зеленский өзүнө керек болгон нерселердин бардыгын алышы керек, анткени ал кайсы бир документке кол коюуга даяр болушу зарыл. Менимче, ал муну ишке ашыруу үчүн бардык аракетин көрүүдө", — деди Трамп.
АКШ президентинин айтымында, Москва да, Киев да жаңжалды жөнгө салууга кызыкдар. Ал Вашингтон "айрым аймактарды кайтаруу" боюнча сунуш киргизип жатканын кошумчалады. Трамптын пикиринде, тынчтык келишимине кол коюу жакынкы айларда болушу мүмкүн.
Эске салсак, буга чейин АКШ Украина өз жерлеринин бир бөлүгүн өткөрүп берүү үчүн Орусия менен бирге аракет кылышы мүмкүн экени айтылган. Эске салсак, 15-августта Владимир Путин менен Дональд Трамп Аляскада жолугушат. Бул 1988-жылдан берки АКШ менен Орусия президенттеринин Америкада өтө турган алгачкы жолугушуусу болот. Жолугушууда аймактарды алмашуу жана Киевдин НАТОго кирүүдөн баш тартуусу тууралуу талкуу болушу мүмкүн.


