super.kg logo

Армения менен Азербайжан чек араны делимитациялоо процессин улантат

 

Армения менен Азербайжандын ортосундагы чек араны делимитациялоо процесси уланат. Армения СССР мезгилиндеги чек араларды калыбына келтириши керек. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян билдирди.

Анын айтымында, көз карандысыз Армениянын аймагы "Советтик Армениянын аймагына дал келет", ушундай эле жагдай Азербайжандын аймагында да бар.

"Бизде Азербайжанга таандык аймактар болсо, аларды кайтарышыбыз керек. Ал эми Азербайжандын аймагына кирген, бирок бизге таандык жерлер болсо, алар да бизге кайтарышы керек", — деп түшүндүрдү Пашинян маалымат жыйынында.

Эске салсак, 8-августта Азербайжан президенти Ильхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян АКШ президенти Дональд Трамптын ортомчулугу менен Ак үйдө биргелешкен тынчтык декларациясына кол коюшту. Документ тараптарды аскердик аракеттерди токтотууга, соода, дипломатиялык мамилелерди жана өз ара сапарларды калыбына келтирүүгө, ошондой эле бири-биринин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого милдеттендирет.

Декларацияда Азербайжан менен Нахичеванды бөлүп турган Армениянын 32 чакырымдык тилкесинде темир жол бөлүгүн, мунай жана газ түтүктөрүн, оптикалык-була байланыш системаларын куруу каралган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: