super.kg logo

Бишкекте милиция кызматкерине пара берген жактоочу кармалды (видео)

 

Бишкекте тергөөчүгө пара берүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Свердлов РИИБинин жетекчилигине билдирме менен Свердлов РИИБинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү кайрылган. Анда А.С. аттуу жарандын үстүнөн алдамчылык фактысы боюнча жүргүзүп жаткан кылмыш ишин бурмалап, кылмыш жоопкерчиликтен бошотуп берүү максатында Л.С. аттуу жактоочу пара сунуштаган.

Пара сунуштоо фактысы менен 1-август күнү Кылмыш-жаза кодексинин 345 -беренесине (Пара берүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

7-август күнү 1962-жылы туулган Л.С. аттуу жактоочу Бишкек шаарынын Тергөө кызматынын бөлүмүнүн иш бөлмөсүндө 144 миң акча берип жаткан жеринен кармалган.

Мындан тышкары алдамчылык фактысы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн А.С. аттуу жаран 96-беренеге ылайык Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Тергөө амалдары уланууда.









видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: