super.kg logo

Иран Армения аркылуу Азербайджандын эки бөлүгүн туташтырган коридор түзүүгө каршы экенин билдирди

 

Иран Армениянын түштүгү аркылуу Азербайжандын негизги бөлүгүн Нахичеван эксклавы менен туташтыра турган транспорттук маршрут түзүү долбоорун айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, бул коридор "Эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өсүү үчүн Трамп жолу" деп аталып, АКШга 99 жылга ижарага берүү пландалууда.

Ирандын жогорку лидерин кеңешчиси Али Акбар Велаяти бул идеяны "Түштүк Кавказды эч кимге таандык эмес аймакка айлантуу аракети" деп атады. Анын айтымында, коридор транзиттик жол болбойт, тескерисинче, "Трамптын жалданмачылары үчүн көрүстөн" болот. Велаятинин белгилешинче, Тегеран бул долбоорго Орусия каршылыгын билдирет деп ишенет, бирок андай болбой калса Иран "Түштүк Кавказдын коопсуздугун коргоого" даяр.

Зангезур коридору Азербайжанды Түркия менен чектеш Сюник облусу аркылуу Нахичеван менен туташтырат. Bloomberg жазгандай, бул маршрут Батыш менен Чыгышты байланыштырган ири соода жолунун бир бөлүгү болушу мүмкүн. CNN жана Reuters маалыматына ылайык, долбоор Армениянын юрисдикциясында калып, бирок АКШ аны куруу жана пайдалануу үчүн жооптуу консорциумга өткөрүп берет. The Economist болсо, долбоор ишке ашса, Орусиянын аймактагы таасири азайышы мүмкүн деп эсептейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: