Жакында мектепке каттала элек балдар үчүн 1-2-класстарга кошумча орундар ачылат

2025-2026-окуу жылына кошумча кабыл алуу 13-августта саат 09:00дө башталат жана 8-августта бир дагы мектепте катталбаган балдар үчүн гана жеткиликтүү болот.
Балдары мектепке катталган системанын колдонуучулары үчүн "жазууну жокко чыгаруу" функциясы жеткиликсиз болот.
Ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү "Түндүк" тиркемесиндеги "Санариптик документтер" бөлүмүндө чагылдырылгандыгын алдын ала текшерип, баланы "мектепке электрондук каттоо" кызматы аркылуу "Түндүк", "Мбанк" жана МойО!+ Банк же 1mektep.edu.gov.kg. порталынан катташы керек.
Ал эми балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы 15-августта аяктайт.
Кошумча орундар ачыла турган мектептердин тизмеси менен төмөнкү шилтемеден таанышсаңыздар болот: https://edu.gov.kg/posts/4376/
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:20
2025-08-10
9:08
2025-08-10

14:01
2025-08-09

9:08
2025-08-09

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.