"Крокустагы" теракт: Шектүүлөрдүн бири Ооганстанда терроризм боюнча даярдыктан өткөн
"Крокус Сити Холл" концерт залындагы теракттын катышуучуларынын бири террордук иш-аракеттерди үйрөнүү үчүн жалган паспорт менен Ооганстанда даярдыктан өткөн. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Документтерге ылайык, Саидакрами Рачабализода террордук уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Түркиядан Пакистан аркылуу жалган документтер менен Ооганстандын аймагына кирип, ал жакта даярдыктан өткөн. "Вилаят Хорасан" аттуу топ "Крокуска" кол салуу үчүн бир нече жашыруун ячейкаларды түзгөн, алардын мүчөлөрү башында бири-бирин тааныган эмес. Рачабализода шериги Шамсидин Фаридуни менен Стамбулда таанышып, андан кийин Орусияга келишкен. Калган шектүүлөр Екатеринбург жана Каспийск шаарларында жашашкан.
8-августта кабарлангандай, террордук уюм "Крокус Сити Холл" терактын каржылоосун кылмыштуу ишмердүүлүк аркылуу жүргүзгөн.
Эскерте кетсек, “Крокус Сити Холл” концерт залындагы теракт 2024-жылдын 22-мартында болгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, куралчан адамдар имаратка кирип, элге ок атышкан жана өрт коюшкан. Натыйжада 149 адам каза болуп, 180ден ашууну жаракат алган. Кол салуудан көп өтпөй бир нече шектүү кармалган, ал эми айрым шектүүлөргө эл аралык издөө жарыяланган.
