NBC: АКШ Зеленскийди Аляскадагы жыйынга чакырууну караштырып жатат
АКШ президентинин администрациясы Украина президенти Владимир Зеленскийди 15-августта Аляскада өтө турган Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусуна чакырууну караштырып жатат. Бул тууралуу NBC News каналы билдирди.
Телеканалдын айтымында, Зеленскийдин мүмкүн болгон сапары талкууланып жатат.
CBS News да Зеленскийди Аляскага чакыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу кабарлаган. Алардын булактарынын бири Путин менен Трамптын сүйлөшүүлөрү азыркы учурда иштелип жатканын айткан. Бул жолугушууга Украина президентинин да "кайсы бир деңгээлде катышуу мүмкүнчүлүгү бар" экенин белгилешти.
Эске салсак, 15-августта Владимир Путин менен Дональд Трамп Аляскада жолугушат. Бул 1988-жылдан берки АКШ менен Орусия президенттеринин Америкада өтө турган алгачкы жолугушуусу болот. Жолугушууда аймактарды алмашуу жана Киевдин НАТОго кирүүдөн баш тартуусу тууралуу талкуу болушу мүмкүн.
