Украинанын 3 шаарында коррупцияга каршы митинг өттү
Украинанын Киев, Харьков жана Сума шаарларында дайынсыз жоголгон украин аскерлерин издөөнү күчөтүү жана алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү талаптары менен митингдер өткөрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Акция катышуучулары бийлик өкүлдөрүн коррупцияда айыптап чыгышты. Алардын айтымында, коррупция компенсация төлөмдөрүнүн кечиктирилишине жана дайынсыз жоголгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнүн көйгөйлөрүнүн четке кагылуусуна алып келүүдө.
"Коррупция өмүрдү алып жатат", — деп билдиришти митингге чогулгандар.
Эске салсак, буга чейин 18-июлда Киевдеги Эгемендүүлүк аянтында дайынсыз жоголгон Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин үй-бүлөлөрү массалык митинг уюштурушкан. Алардын айтымында, көптөгөн дайынсыз жоголгон аскерлердин үй-бүлөлөрү мамлекеттен жардам алышпайт. Төлөмдөр кечиктирилип берилет, адамдар айлар бою ар кандай справкаларды чогултууга аргасыз болушууда.
