super.kg logo

Түндүк Корея Түштүк Корея менен чектешкен аймактагы үн күчөткүчтөрдү алып салууну баштады

 

Түндүк Корея Түштүк Корея менен чек арадагы үн күчөткүчтөрдүн бир бөлүгүн алып салууну баштады. Бул тууралуу Yonhap агенттиги Бириккен штаб башчыларынын комитетине таянып жазды.

"Фронттон жакын райондордо Түндүк Кореянын аскерлери Түштүк Кореяга багытталган үн күчөткүчтөрдү тартып салуу иштерин жүргүзүп жатканы аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул Түштүк Корея Түндүк Кореяга каршы пропагандалык берүүлөрдү токтотуп, үн күчөткүчтөрүн алып салгандан кийин болду. Мындай чечимди Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мен Түндүк Корея менен мамилелерди жакшыртуу аракеттери менен байланыштырган.

31-июлда Түштүк Корея өз жарандарына түндүк кореялыктар менен чектөөсүз байланышууга уруксат берген, бирок ал үчүн алдын-ала кабар берүү талап кылынат. Азыркы учурда 1953-жылы Корея согушу аяктаганда кол коюлган туруктуу токтому гана иштеп жатат.

Эске салсак, буга чейин 4-августта Түштүк Кореянын аскерлери Түндүк Корея менен чек арада жайгашкан пропагандалык үгүт берүүчү колонкаларды алып салуу иштерин башташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: