Израилде Газа боюнча бийликтин планына каршы нааразылык акциясы өттү
Израилде премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун Газадагы согушту күчөтүү планына каршы 100 миңден ашуун адам митингге чыкты. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.
Жарандар согушту токтотууну жана Газада кармалып турган 50 туткунду бошотууну талап кылышты. Алар Израилдин желектерин көтөрүп, туткундардын сүрөттөрү бар плакаттарды, ошондой эле өкмөттүк саясатка каршы чакырыктарды кармап турушту.
Израил шаарларында ХАМАС менен туткундарды бошотуу боюнча келишим түзүп, куралдуу аракеттерди токтотууга чакырган митингдер дайыма өтүп турат.
Израилдин коопсуздук кабинетинин чечимине ылайык, бир нече күн мурун Газаны басып алууга даярдык көрүлүп, бул тууралуу кеңешме 10 саатка созулган. The Washington Post маалымдагандай, айрым жогорку даражалуу аскерлер бул пландарга каршы болгон. Ynet агенттиги Генштаб башчысы Эяль Замир да бул топко киргенин кабарлаган.
Бул чечим Газа секторунун толук басып алынышына жол ачып, аскердик операция бир нече айга созулушу мүмкүн.
Премьер-министр Нетаньяху буга чейин согуш бүткөндөн кийин Газаны аннексия кылуу планы жок экенин, бийлик аймактын убактылуу башкаруу органына берилерин айткан.
