АКШдан Кыргызстандын 25 жараны депортацияланды
Кечээ, 9-августта Америка Кошмо Штаттарынан Бишкек шаарына Кыргызстандын 25 жараны атайын каттам менен кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган жарандар АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу өлкөгө кайтарылды.
Депортация тартибине жараша, мындай жарандарга АКШга кирүүгө 5, 10, 15 жылга же түбөлүккө тыюу салынуусу мүмкүн. Өлкөгө мыйзамсыз түрдө кайра кирүүгө аракет кылуу кылмыш жоопкерчилигине алып келиши ыктымал.
"Жогоруда көрсөтүлгөн кесепеттерге жол бербөө максатында, АКШ аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарына өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырат", -деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле АКШга барууну пландап жаткан жарандарга бул жагдайларды эске алуу, миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактоо жана зарыл болгон учурда өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине өз убагында кайрылуу сунушталды.



