Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-августта Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Владимир Путин Садыр Жапаровго украиналык кризисти жөнгө салуу маселеси боюнча америкалык тарап менен болгон жакынкы дипломатиялык байланыштарынын жүрүшү жөнүндө маалымдады.
Жапаров Орусиянын президентине берилген маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, бул кризисти чечүүгө багытталган саясий-дипломатиялык аракеттерди колдой тургандыгын билдирди.
Мамлекет башчылары аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты, ошондой эле эл аралык жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашты.


